Италиянын Падуя шаарында кардиохирургдар дүйнөдө биринчи жолу иштеп жаткан жүрөктү трансплантациялоо операциясын жасашты.
Дарыгерлердин айтымында, бул ыкма кандын жетишсиздиги жана айлануусунан улам жаралган зыянды жоюуга жардам берет. Жаңы технология жүрөктүн функцияларынын тезирээк калыбына келишин жана операциядан кийинки иштөөсүн камсыздайт.
Маалыматка караганда, бейтап ден соолугун калыбына келтирип, үйүнө чыгарууга даярдалууда. Messaggero газетасы бул операцияны дүйнөлүк кардиохирургияда “коперниктин революциясы” деп атады. Операция эки жума мурда 65 жаштагы эркек кишиге жасалган.
Башкы хирург Жино Жерозанын айтымында, адаттагы трансплантациядан айырмаланып, бул жолу жүрөк токтогон абалда эмес, иштеп жаткан бойдон алынган жана имплантацияланган. Ошондуктан операция жүрөктүн согуу процессин токтотпостон жүргүзүлгөн.