Дүйнөдө биринчи жолу адамдын көзү алмаштырылды

Автор

АКШда тарыхта биринчи жолу дарыгерлер адамдын көзүн толугу менен алмаштыруу операциясын жасашты. Бул тууралуу Нью-Йорк университетинин медициналык борбору кабарлады.

“Нью-Йорк университетинин Лангоне медициналык борборундагы хирургдар тобу дүйнөдө биринчи жолу бүт көздү жана беттин бир бөлүгүн трансплантациялоо операциясын жасашты”,-деп айтылат Рейтерс агенттигинин маалыматында.

27-майда болуп, 21 саатка созулган уникалдуу операцияга 140тан ашык хирург жана фельдшер тартылган.

Азырынча бейтап жаңы көз менен көрө алабы же жокпу белгисиз, бирок,  дарыгерлер трансплантацияланган орган жакшы  белгилерди көрсөтүп жатканын айтышууда.  Эксперттердин айтымында, операция көздү дарылоодо келечекте жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Бөлүшүү:
Next Post

Ош облусу боюнча дем берүүчү гранттын эсебинен 63 долбоор каржыланды

2023-жылдын 10 айына карата Ош облусуна дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен 105,1 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган суммага 63 долбоор каржыланды. Алар:   – 19 мектепке – 32,5 млн сом;   – 1 саламаттык сактоо мекемелерине 2 млн сом;   – 22 инженердик-коммуникациялык инфраструктура […]

Сизге жагышы мүмкүн