Дүйнөдөгү эң чоң футбол стадиону курулат

Автор

Дүйнөдөгү эң чоң футбол стадиону Марокконун Касабланка шаарында курулат. Аренанын трибуналары 115 миң көрүүчүнү батыра алат.
Стадион 2030-жылы Мароккодо өтө турган дүйнө чемпионатына карата курулууда. Арена 2028-жылы пайдаланууга берилет. Стадиондун курулушуна 450 миллион евро сарпталат
Бир кезде дүйнөнүн эң чоң стадиону Рио-де-Жанейро шаарындагы “Маракана” болгон. Ал 200 миң көрүүчүгө ылайыкташкан. Бирок көптөгөн реконструкциялардан кийин легендарлуу бразилиялык аренанын сыйымдуулугу 78 миңге чейин азайган. Учурда эң чоң стадион – КЭДРдин борбору Пхеньяндагы “1-Май” стадиону болуп саналат.

Бөлүшүү:
Next Post

Путин армияга чакыруу боюнча жарлыкка кол койду

Россиянын президенти Владимир Путин армияга жазгы чакыруунун башталышы тууралуу жарлыкка кол койду. Жазгы аскерге чакыруу 1-апрелде башталат. Жарлыкка ылайык, 1-апрелден 15-июлга чейин 18 жаштан 30 жашка чейинки 147 миң адам аскердик кызматка чакырылат. 15-апрелден тарта аймактардагы жыйындар пункттарынан аскерге милдеттүүлөрдү жөнөтүү башталат. Быйылкы жазгы чакыруу жаңы эреже боюнча өтүүдө. Аскерге […]

Сизге жагышы мүмкүн