Дүйнөдөгү эң чоң футболка тигилди

Автор

Румынияда узундугу 108 метр, туурасы 73 метр болгон дүйнөдөгү гигант футболка тигилди.
Материалы жарым миллиондон ашык кайра иштетилген желим бөтөлкөдөн жасалган. Аларды чогултуу үч жумадан ашык убакытты талап кылса, тиктирүүгө бир ай убакыт кетти.
Гиннес рекорддор китебинин эксперттери жетишкендикти жазып, дүйнөдөгү эң чоң футболка деп тааныган сертификат ыйгарды.
Эми продукция 12 миң даанага бөлүнүп, андан аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн кадимки өлчөмдөгү футболкалар тигилет.

Бөлүшүү:
Next Post

Балдарды коргоо күнүнө карата майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт

Бишкек мэриясы Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата майрамдык программа даярдады. Майрамдык салтанаттар “Ала-Тоо” борбордук аянтында жана шаардын ар бир районунда өткөрүлөт.   Майрамдык иш-чаралар 31-майда башталмакчы: саат 14:00дө Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында “Наристе” фестивалынын салтанаттуу ачылышы болот. Кеңири масштабдагы иш-чарага Россия, Казакстан, Тыва, Монголия, Башкирия, Саха, Индиядан келген […]

Сизге жагышы мүмкүн