Дүйнөдөгү эң кымбат футбол командасы аталды

Автор

Эл аралык спорттук изилдөөлөр борбору (CIES) расмий сайтында командалардын трансфердик баасы боюнча клубдардын рейтинги жарыяланды.
Рейтинг команданын оюнчуларынын жалпы трансфердик наркын эске алуу менен түзүлдү. Жыйынтыгында “Реал Мадрид” клубу биринчи орунда турат – 1 миллиард 728 миллион евро. Андан кийин 1 миллиард 431 миллион жана 1 миллиард 388 миллион еврого англиялык “Манчестер Сити” жана “Челси” клубдары чыкты.
Дүйнөдөгү эң кымбат клубдар:
Реал Мадрид (Испания) – 1,728 млрд.
Манчестер Сити (Англия) – 1,471 млрд.
Челси (Англия) – 1,388 млрд.
Арсенал (Англия) – 1,225 млрд.
Барселона (Испания) – 1,124 млрд.
Ливерпуль (Англия) – 1,099 млрд.
ПСЖ (Франция) – 1,088 млрд.
Манчестер Юнайтед (Англия) – 989 млн.
Тоттенхэм (Англия) – 886 млн.
Байер (Германия) – 862 млн.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкектин “Ала Тоо” аянттындагы туу түшүрүлдү. Себеби

Бүгүн, 11-октябрда Улуттук гвардиянын жоокерлери катуу шамалдын кесепетинен «Ала Тоо» аянтындагы мамлекеттик тууну түшүрүштү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 4-августундагы Министрлер Кабинетинин токтому боюнча флагштокко орнотулган туу айрылып же ага зыян келтирилсе (катуу шамал, жаан же флагштокту оңдоо иштери болсо), мындай учурда туу түшүрүлөт. Катуу […]

Сизге жагышы мүмкүн