Дүйнөдөгү эң кары адам: Гиннеске жаңы ысым катталды

Автор

Гиннесс рекорддор китебинин өкүлдөрү дүйнөдөгү эң улгайган аял, япондордун өкүлү Томико Итоокага барышып, анын статусун тастыктаган расмий сертификатты тапшырышты.
Томико 1908-жылдын 23-майында Японияда туулган жана бүгүнкү күндө анын жаш курагы 116 жыл 117 күндү түзөт. Гиннесс рекорддор китебинин сайтынын маалыматы боюнча, сертификат тапшыруу аземи Хёго префектурасындагы Асия шаарындагы карыялар үйүндө өткөн. Ал жерде акыркы беш жылдан бери жашап келет.
Томико Осакеда Мэйдзи императору башкарган учурда төрөлгөн. Жаш кезинде ал орто мектептин волейбол командасында ойногон. 1979-жылы күйөөсү каза болгондон кийин ал альпинизм жана жөө жүрүштөр менен алектене баштаган.

Бөлүшүү:
Next Post

Садыр Жапаров Германиянын Федералдык канцлери Олаф Шольц менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 17-сентябрда, Казакстан Республикасына жасаган иш сапарынын алкагында Астана шаарында Германия Федеративдүү Республикасынын (ГФР) Федералдык канцлери Олаф Шольц менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Кыргыз-герман күн тартибинин саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы актуалдуу маселелери талкууланды. Президент Садыр Жапаров Кыргызстан Европа Биримдигиндеги биздин […]

Сизге жагышы мүмкүн