Дүйнөдөгү эң бактылуу кызматкерлер аныкталды

Автор

Жаңы сурамжылоодо дүйнөдөгү эң бактылуу кызматкерлер кайсы кесиптин ээси экендиги белгилүү болду.

Жаңы изилдөөгө ылайык, эң бактылуу кесипкөй топ курулуш тармагындагылар болду. Экинчи орунда технология, андан кийин каржы, ал эми коммерциялык эмес уюмдардын жана тамак-аш өнөр жайынын кызматкерлери эң бактылуу кызматкерлер катарына кошулду.

Ишке орноштуруу платформасы катары иш алып барган “BambooHR” агенттиги  дүйнөдөгү эң бактылуу кызматкерлерди табуу үчүн дүйнөнүн көптөгөн жерлеринен 1600дөн ашуун ар кандай тармакта иштеген 57 миң адис менен сурамжылоо жүргүздү.

Компания бул жердеги адамдардын берген жоопторун анализдеп, даярдаган тизмеде алардын эң бактылуу кесиптерин жарыялады.

Эң көп упай алган кесиптер жана эң бактылуу кызматкерлер:

 

  1. Курулуш: 49 упай

 

2: Технология: 41 упай

 

  1. Каржы: 37 упай

 

  1. Коммерциялык эмес уюмдар: 35 упай

 

  1. Тамак-аш: 35 упай

 

  1. Саякат жана жатакана: 35 упай

 

  1. Билим: 34 упай

 

  1. Медицина: 31 упай
Бөлүшүү:
Next Post

Россиянын президенти Казакстанга келет

Россиянын президенти Владимир Путин келерки аптада Казакстанга расмий сапар менен барат. Бул тууралуу “Москва. Кремль. Путин” берүүсүнүн алып баруучусу Павел Зарубин билдирди. Президенттин акыркы расмий сапары 7-октябрда Москва облусунун Ново-Огарево шаарына болгон. Андан соң Россия газын Өзбекстанга Казакстан аркылуу жеткирүү башталган. Владимир Путин Казакстан менен энергетика тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү үчүн […]

Сизге жагышы мүмкүн