2023-жылы БАЭнин башкаруучу династиясы Аль Нахаяндар 305 миллиард доллар байлыгы менен дүйнөдөгү эң бай үй-бүлө болуп калганын Bloomberg жазды.
Эң бай үй-бүлөлөрдүн тизмесине Walmart дүкөндөр тармагынын негиздөөчүлөрү Уолтондор жана Hermes люкс брендинин ээлери Гермес үй-бүлөсү да кирди.
Жалпысынан дүйнөнүн эң бай 25 үй-бүлөөгө 2023-жылы 1,5 триллион доллар кошулган. Бул былтыркы байлыгынан 43 пайыз жогору экендиги белгиленди.