Дүйнөдөгү төртүнчү миллиардер спортчу аталды

Автор

Лос-Анджелес Лейкерс командасынын мурдагы баскетболчусу жана НБАнын беш жолку чемпиону Мэжик Джонсон бир миллиард доллар тапкан дүйнөдөгү төртүнчү спортчу болуп калды.

Жонсон тизмеге 64 жашында кирген. Ага чейин эки гана баскетболчу – Майкл Джордан менен Леброн Жеймс, ошондой эле гольф оюнчусу Тайгер Вудс спортчулар арасында мындай сумманы тапкан.

Forbes журналынын маалыматы боюнча, учурда Жонсондун байлыгы 1,2 миллиард долларга бааланууда.

Атактуу баскетболчу карьерасын аяктагандан кийин бир нече спорттун клубдарынын акцияларынын ээси болгон: Washington Commanders (америкалык футбол), Los Angeles (футбол), Los Angeles Dodgers (бейсбол) жана Los Angeles Sparks (аялдар баскетболу).

Бөлүшүү:
Next Post

АКШнын 33 штаты Метаны сотко берди

АКШнын 33 штатындагы башкы прокурорлук кеңселери Instagram жана анын башкы компаниясы Метаны жаш колдонуучуларга тийгизген таасири үчүн сотко берди.  Корпорация жана платформа психикалык саламаттык кризисине жана социалдык медиага көз карандылыкка салым кошконго айыпталууда. Ошондой эле Мета жаштарды социалдык тармактарда мүмкүн болушунча көбүрөөк убакыт өткөрүүгө кызыкдар экенин айтат. Булардан тышкары  дагы […]

Сизге жагышы мүмкүн