Дүйнөдөгү биринчи жасалма интеллект конвенциясы кабыл алынды

Автор

Европа Кеңеши жасалма интеллект боюнча дүйнөдөгү биринчи алкактык конвенцияны кабыл алды. Аны 46 мамлекет жактырды. Документте адам укуктарынын контекстинде алдыңкы технологияларды колдонуунун бардык аспектилери жана ага байланыштуу тобокелдиктер чагылдырылган. Конвенция Европа гана эмес, дүйнөнүн бардык өлкөлөрү да кошула ала тургандыгы менен өзгөчөлөнөт.
Тарыхый келишимди эки жылдан ашык убакыттын ичинде курамына саясатчылар, ишкерлер жана илимпоздор кирген атайын өкмөттөр аралык комитет иштеп чыккан. Ага расмий түрдө сентябрда Вильнюста кол коюлары күтүлүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

22-майга карата аба ырайы

Кыргызгидрометтин билдиришинче,Эртең, 22-майга караган түнү Чүй облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Кыргызгидрометтин билдиришинче, күндүз Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы: Чүй […]

Сизге жагышы мүмкүн