Дыйкандар 2%га чейин жеңилдетилген насыя ала алышат

Автор

Кыргызстанда 10 миң дыйканга жеңилдетилген насыя берилет. Бул тууралуу Финансы министрилиги билдирди.

 

Маалыматка ылайык, Финансы-кредиттик фонду, Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү борбору жана АРИС менен биргеликте, Дүйнөлүк банктын «Ош жана Ош облустарынын региондук экономикалык өнүктүрүү долборун ишке ашырууда.

Жалпысынан долбоор 25 жемиштүү өнөктөштүктү түзүүнү жана 10 миң фермерди тартууну пландаштырууда.

Өндүрүштүк өнөктөштүктүн  тизмеси:

 

Сүт, эт (ири, майда мүйүздүү мал, топоз), картофель, алма, кокон гилас, аарычылык, пахта, өзгөн күрүч, балык, май өсүмдүктөрү, жашылчалар, канаттуулар  чарбачылыгы.

 

Бул багытта товардык кредит төмөнкү шарттар жана өлчөмдөр менен берилет:

 

бир айыл чарба өндүрүүчүсүнө – 2 млн сомго чейин;

айыл чарба кооперативдери, фермердик чарбалар, үрөнчүлүк чарбалар, асыл тукум чарбалары үчүн — 20 млн сомго чейин;

тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканалары, агро-соода-логистикалык борборлор, айыл чарба товарларын жеткирүүчүлөр жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн 35 млн сомго чейин.

Мында 1 кошумча нарк чынжырчасын (үзүрлүү өнөктөштүк) түзүү үчүн сумма 100 млн сомдон ашпашы керек.

 

Пайыздык ставка:

 

1,5% — жеке айыл чарба өндүрүүчүлөрү жана дыйкан чарбалары үчүн;

1,5% — айыл чарба кооперативдери, үрөн жана асыл тукум чарбаларына;

2% — тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканалары, агро-соода-логистикалык компаниялар, айыл чарба товарларын жеткирүүчүлөр жана кызмат көрсөтүүчүлөрүнө.

Кайтаруу мөөнөтү:

 

5 жылга чейин — өсүмдүк өстүрүү чөйрөсүндө — жеке айыл чарба өндүрүүчүлөрү, айыл чарба кооперативдери, үрөн жана асыл тукум чарбалары, бир жылдык көчөттөрдүн агроөндүрүүчүлөрү;

7 жылга чейин — мал чарбачылыгы жана өсүмдүк өстүрүү чөйрөсүндө — көп жылдык көчөттөрдү өндүрүүчүлөр (багбанчылык);

7 жылга чейин — тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканалары, агро-соода-логистикалык компаниялар, айыл чарба товарларын жеткирүүчүлөр жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн.

Толук маалымат үчүн байланыш номери:

 

КР Финансы министрлигинин Финансы-кредиттик фонду, Бишкек шаары, Эркиндик бульвары 58А, тел: (0312) 304883;

 

Агробизнес атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борбору: 0700911679, 0772191985;

Бөлүшүү:
Next Post

Каржы пирамидасын жарнамалагандар эркинен ажыратылат

Жогорку Кеңеш каржы пирамидасын уюштургандарга чара көрүү боюнча мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.   Маалыматка ылайык, жыйында Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков баяндама жасады. “Мыйзамга ылайык, каржы пирамидасын жарнамалагандарга 1500дөн 2000 эсептик көрсөткүчтөргө […]

Сизге жагышы мүмкүн