Казакстандын Акмола облусунда дыйкандар жылкылардын массалык түрдө өлүмүнө байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыялоону суранышууда. Ветеринарлардын айтымында, аймакта 200гө жакын жылкы ачкадан өлгөн.
Мал ачкадан кырылып жатат. Катаал аба ырайы кышкы жайыттагы малды тоютсуз калтырды.
Жылкычылардын айтымында, жайында ысыктан жайлоодогу чөптөр күйүп кеткен. Кыштын келиши менен тоюттун жетишсиздиги маселеси курчуду.
Чабандар малды айылдарга кайтара алышпайт. Жолдорду кар басып калган. Эксперттер өлүмдүн себеби ачкачылык экенинен күмөн санашпайт.