Европада дыйкандардын массалык нааразылык акциялары уланууда. Францияда башталган иш таштоо Италияга, Грецияга жана Бельгияга жайылды. Миңдеген демонстранттар негизги транспорт жолдорун бууп жатышат. Дыйкандардын нааразычылыгынын негизги себептеринин бири кирешенин аздыгы жана айыл чарба техникаларына күйүүчү майга салыктын көптүгү.
Дыйкандар бийликтен айыл чарбасы үчүн электр энергиясына тарифтерди төмөндөтүүнү, күйүүчү майды арзандатууну жана кошумча каражаттарды берүүнү талап кылышууда.
ЖЭБде авариядан кийинки курулуш калдыктары дээрлик тазаланып бүттү
Шей Фев 6 , 2024