Дубай шоколады: Кандай ыкмада даярдалат?

Автор

Дубай шоколады: Кандай ыкмада даярдалат?
Дубай шоколады – куурулган катаиф камыры, мисте жана кунжут пастасын камтыган, кытырак толтургучтуу десерт болуп саналат.

Кошулмалары:
Сүт же кара шоколад 450г
Май 45 г
Катайфи камыры 150гр
Тахини 1 аш кашык
Мисте(фисташка) пастасы 60 г
Даярдоо ыкмасы:
1․Шоколадды майдалаңыз, жарымын буу ваннасында же микротолкундуу меште эритип алыңыз.
2․Эритилген шоколадды силикон калыптардын түбүнө жана капталдарына жука катмар кылып сүйкөйбүз. Муздаткычка салыңыз.
3․ Майды көмөч казанда ысытып алабыз. Майда катаifi кызыл өңгө тегиз кууруп алабыз,тынбай аралаштырып турабыз. Тахини жана мисте пастасы менен аралаштырыңыз.
4․Шоколаддын биринчи катмары катып калганда, ага начинканы калыптардын четтерине жетпестен саласыз.
5. Калган шоколадды эритип, ага мисте аралашмасын сүйкөйбүз. Кылдаттык менен тегиздеңиз.
6․Бөлүмдөрдү муздаткычка 1 сааттай толугу менен тоңгончо коюңуз. Андан кийин муздаткычтан алып жей берсеңиз болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Таалай Сарбашов:"Дааратканадан банясына чейин ТЭЦке коштуруп алышкан"

Кээ бир аймактардагы хансарайлардын борбордук жылуулукка кошулуп алганын Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Сарыбашов көтөрүп чыкты. Бул тууралуу ал бүгүн, 9-октябрдагы парламенттин жалпы жыйынында билдирди. “Алар керек болсо, туалетин, банясын коштуруп алышкан. Ош жана Бишкек шаарларынын жетекчилери аларды тактап туруп, тез арада кыркыш керек. Биз өз кезегинде бул боюнча катуу иш […]

Сизге жагышы мүмкүн