Дубайда COP28 экологиялык форуму аяктады

Автор

Дубайда климаттын өзгөрүшү боюнча эки жумалык COP28 форуму аяктады. Иш-чарага дүйнөлүк лидерлер жана эксперттер чогулду. Алар глобалдык климаттык кризис менен күрөшүүнүн жолдорун талкуулашты. Форумга 150 өлкөнүн делегациялары чогулуп, ЭКСПО 2020 көргөзмө аянтынын сыйымдуулугу 45 миң чарчы метрди жана 200 стендди түздү.
Негизги маселелер климаттын өзгөрүшү боюнча жаңы глобалдык максатты белгилөө, өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө климаттык жоготуулардын ордун толтурууга жардам берүү жана Париж келишиминин аткарылышын баалоо болду.
Париж келишимине ылайык, дүйнө 2050-жылга чейин көмүртектин нейтралдуулугуна жетиши керек. Бирок, өлкөлөр жакынкы он жылдыктарда мунай, газ жана көмүр өндүрүүнү көбөйтүүнү көздөп жатышат, бул климаттык милдеттенмелерге жооп бербейт. Жыйында бул маселе да көтөрүлдү.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкек-Пекин аба каттамы ачылат

2024-жылдын 24-январдан тарта Пекин– Бишкек – Пекин багыты боюнча жаңы аба каттам ачылат. Бул тууралуу Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги билдирди. Маалыматка ылайык, кытайлык China Southern Airlines авиакомпаниясы бул багыт боюнча каттамды аптасына үч жолу – дүйшөмбү, шаршемби, жума күндөрү аткарат. Буга чейин “Манас” аэропорту 12-декабрдан тарта Бишкектен Кытайдын Чэнду шаарына түз […]

Сизге жагышы мүмкүн