Дубайдагы катуу жамгырдын себебин аныкташты

Автор

World Weather Attribution окумуштууларынын тобу Бириккен Араб Эмираттары менен Омандагы суу ташкынына глобалдык жылуулук жана урбанизация себепкер экенин көрсөткөн изилдөө жүргүзүштү.
Башында, БАЭ суунун жетишсиздигин чечүү үчүн булуттарга таасир этүү технологиясынын ролу жөнүндө божомолдор болуп жаткан.
Араб жарым аралында 16-17-апрель күндөрү жааган жамгырдан кеминде 23 адам көз жумду.
Аба ырайын маалымдоочу кызматтардын алдын ала эскертүүлөрүнө карабастан зыян көп болду.
Дубайда 24 сааттын ичинде 14 см ден ашык жаан жааган. Бул бир жарым жылдык орточо жаан-чачынга барабар жана 1949-жылдан берки эң катуу нөшөр болду.

Бөлүшүү:
Next Post

Казакстандан Кыргызстанга унааны мыйзамсыз алып кирүү аракети көрүлгөн

Казакстандан Кыргызстанга унааны мыйзамсыз алып кирүү аракети көрүлгөн. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, «Манас» бажысынын кызматкерлери текшерүү иш-чараларынын алкагында «Ак-Тилек» товарларды каттоо пунктунун аймагында К.С.Б. аттуу жарандын башкаруусунда Казакстандан Кыргызстандын аймагына келе жаткан, Литванын мамлекеттик каттоо номери менен 2012-жылы чыгарылган Volvo FН 4ХТ үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны […]

Сизге жагышы мүмкүн