ДССУ: 6-февралдагы жер титирөөлөр эң чоң апааттардын бири болду

Автор

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун (ДССУ) билдирүүсүндө 2023-жылы 6-февралда Кахраманмарашта болгон жер титирөөлөр акыркы мезгилде аймактагы эң чоң апааттардын бири болгондугу баса белгиленди.
Түркиянын 11 провинциясы жана Сириянын бир бөлүгүндө болгон жер титирөөлөрдүн жылдыгына байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүүдө Түркияда 50 миң, Сирияда 5 миң 900 адамдын өмүрүн алган зилзалага бир жыл өткөнү баса белгиленди. Билдирүүдө он миңдеген кишинин жарадар болгону, миңдеген үйлөрдүн, ооруканалардын жана коомдук имараттардын зыянга учураганы же кыйраганы эскерилди.
“Бул акыркы мезгилдеги аймактагы эң чоң кырсыктардын бири болду”,-деп айтылат анда. ДССУнун бул процессте Түркия жана Сириядагы жер титирөөдөн жабыркаган аймактарга саламаттыкты сактоо тармагында колдоо көрсөткөнү баса белгиленди.

Бөлүшүү:
Next Post

Боксчулар эл аралык мелдеште 3 медаль жеңди

Кыргыз Республикасынын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Ла-Нусия шаарында (Испания) өткөн “Boxam” Эл аралык мелдешинде 3 медаль (1 алтын, 1 күмүш, 1 коло) жеңди. 60 кг чейинки салмакта Мунарбек Сейитбек уулу алтын медалга ээ болсо, 86 кг чейинки салмак категориясында Өмүрбек Бекжигит уулу күмүш медаль тагынды. Ал эми 80 […]

Сизге жагышы мүмкүн