ДССУ Марбург вирусу тууралуу эскертти

Автор

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) Марбург вирусунун жаңы эпидемиясынын коркунучу тууралуу эскертүүдө. Уюмдун 26-сентябрдагы маалыматына ылайык, Руанданын 30 аймагынын жетөөндө жалпы 26 учур катталып, сегиз адам көз жумган.
ДССУнун баамы боюнча, улуттук жана регионалдык деңгээлде эпидемиянын чыгуу коркунучу өтө жогору, бирок глобалдык деңгээлде төмөн деп эсептелет.
Марбург вирусу Эбола үй-бүлөсүнө кирип, клиникалык жактан ага окшош.
Оору жемиш жеген жарганаттардан адамга жугат. Белгилерине катуу баш оору, ичтин оорушу, мурун жана ооздон кан кетүү кирет.
Өлүмгө алып келүү ыктымалы 88 пайызга жетет. Уюм белгилегендей, учурда Марбург вирусуна каршы вакцина жок. Дарылоо симптоматикалык түрдө жүргүзүлөт, иммунитетти колдоочу дары-дармектер колдонулат.

Бөлүшүү:
Next Post

Ошто селдин кесепетинен жабыркагандарга кенемтелер берилди

Ош облусунда селдин кесепетинен жабыркаган турак жай ээлерине кенемтелер берилди. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан билдиришти. Маалыматка ылайык, кенемтелер Ош шаарында жана Кара-Суу районунда июль айында жүргөн селдин кесепетинен жабыркаган турак жай ээлерине тапшырылды. Сел жүргөндө катталган 41 учурга жалпысынан 6 млн 632 миң сом төлөндү. Табигый кырсыкта 9 үй […]

Сизге жагышы мүмкүн