ДССУ маймыл чечекке каршы биринчи вакцинаны бекитти

Автор

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДСУ) MVA-BN вакцинасын чечекке каршы биринчи вакцина катары алдын ала квалификациялык тизмеге киргизерин жарыялады. Алдын ала квалификациялык жактыруунун аркасында бул маанилүү продуктка муктаж болгон коомчулуктарга өз убагында жана кеңири жетүү жеңилдейт, инфекциянын таралышын азайтып, эпидемияны токтотууга жардам берет деп күтүлүүдө. ДСУнун алдын ала квалификациялык баалоосу вакцинанын өндүрүүчүсү Bavarian Nordic A/S компаниясы тарабынан берилген маалыматтарга жана бул вакцинаны көзөмөлдөгөн орган – Европанын дары-дармек агенттигинин кароосуна негизделген. MVA-BN вакцинасын 18 жаштан жогорку адамдарга 4 жума аралык менен 2 дозада ийне түрүндө сайса болот. Вакцина муздаткычта алдын ала сакталып тургандан кийин, аны 2-8°C температурада 8 жумага чейин сактоого болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Камчыбек Ташиев “Ата-Журт” партиясы шайлоолорго катышпай тургандыгын айтты

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев мындан ары “Ата-Журт” партиясы шайлоолорго катышпай тургандыгын айтты. Бул тууралуу ал, фейсбук баракчасына билдирүү жазды. Ташиевдин айтымында, “Ата-Журт” партиясы 17-ноябрдагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышпайт. «Мага жеткен маалыматтар боюнча жер жерлерде депутат болом деген талапкерлер “Ата-Журт” партиясы менен катышабыз деген пикирлерин билдирип жатышыптыр. Айрым жердерде лидерликти […]

Сизге жагышы мүмкүн