Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) маймыл чечеги боюнча эпидемиянын жайылышына каршы кошумча убактылуу сунуштамаларды кабыл алды. Бул сунуштамалар оорунун көбөйүшү байкалган өлкөлөргө тиешелүү болот.
Сунуштардын катарына өзгөчө кырдаалдарда аракеттерди координациялоо, биргелешкен байкоо жана лабораториялык диагностика жүргүзүү, оорулууларга медициналык жардамды кеңейтүү, чек ара аралык кызматташтыкты чыңдоо, эмдөө, тобокелдиктер тууралуу маалымат берүү, каржылоону кеңейтүү кирет.