ДССУ: Ливанда чабуулдардан 72 медицина кызматкери жана бейтап көз жумду

Автор

2024-жылдын 17-сентябрынан тартып Ливанда чабуулдардын натыйжасында 23 саламаттык сактоо объектиси жабыркаган. Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо уюмунун (ДССУ) маалыматына караганда 72 адам көз жумса, 43 адам жаракат алды. Сөз медицина кызматкерлери жана бейтаптар жөнүндө болуп жатат. 15 учур медициналык мекемелерге, 13 учур медициналык транспортко тийиштүү.
Билдирүүдө айтылгандай, Ливандагы кагылышуулардын күчөшү өлкөнүн түштүгүндө иштеген 207 борбордун ичинен 100 алгачкы медициналык жардам көрсөтүү борборунун жабылышына алып келди. Буга чукул бомбалоолор себеп болду. Онкологиялык бейтаптар башка ооруканаларга жөнөтүлүүдө. Диализ борборлору жабдуулардын жана персоналдын жетишсиздигине дуушар болууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Орусияны ЕАЭБдин нормаларын сактоого чакырды

Депутат Медер Алиев бүгүнкү, 16-октябрдагы парламенттик жыйында Орусияда эмгектенген кыргызстандык мигранттардын көйгөйүнө токтолуп, Орусияны ЕАЭБдин нормаларын сактоого чакырды. “Орусия мигранттар үчүн катаалдашкан жана жашоо шарттарын оорлоштурган мыйзам кабыл алды. Орусияда мурдагы постсоветтик өлкөлөрдүн жарандары эмгектенет. Алар менен кошо Индия менен Пакистандын жарандары да бар. Бирок Кыргызстан ЕАЭБге мүчө өлкө. Аталган […]

Сизге жагышы мүмкүн