Дүйнө келечектеги белгисиз ооруларга, айрыкча “X оорусуна” даярданышы керек. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) башчысы Тедрос Гебрейесус Давостогу Дүйнөлүк экономикалык форумда билдирди. Ал калк арасында дүрбөлөң тууралуу билдирүүлөргө көңүл буруп, бул туура эмес экенин баса белгиледи. “Алдын ала айтып, ага даярдануу жакшы. Биз мындай ооруларды даярдыксыз тосуп албашыбыз керек»,-деди ал.
“X Оорусу” деген эмне?
Пандемияга алып келиши мүмкүн болгон инфекциянын шарттуу аталышы.