ДССУ: Дүйнөдө коронавирустун жаңы варианты катталды

Автор

Коронавирустун жаңы JN.1 варианты дүйнө жүзү боюнча активдүү жайыла баштаганын Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунан билдиришти.
Жаңы штамм бир нече өлкөлөрдө, анын ичинде АКШда жана Сингапурда активдүү жайылууда. Индияда 100дөн ашык учуру аныкталган.
ДССУ жаңы варианттын планетага тийгизген глобалдык коркунучун төмөн деп баалады. Дарыгерлер колдо болгон вакциналар катуу оорудан коргой берерине ишенишет.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн президент мамлекеттик сыйлыктарды тапшырат

Бүгүн, 28-декабрда президент Садыр Жапаров өзгөчө эмгеги таанылып, ар кыл тармакта эмгектенген кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу салтанаттуу аземине катышат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет. Иш-чара УТРКнын, республикалык жана облустук телеканалдардын түз эфиринде жана социалдык тармактардагы баракчаларда көрсөтүлөт. Түз алып көрсөтүү саат 11:55те башталат. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн