ДССУ балдардын смартфондорду колдонуусун жөнгө салууга чакырды

Автор

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму өспүрүмдөрдүн смартфондорду колдонушун мыйзам чегинде жөнгө салууга чакырат. Бул тууралуу Politico басылмасы жазды.
ДССУнун Европа регионундагы саламаттыкты сактоо системалары жана саясаты боюнча директору Наташа Аццопарди-Мускат оюндардын жана социалдык тармактардын балдардын психикалык ден соолугуна тийгизип жаткан терс таасиринин өсүп жатканын билдирди. Ал жаш курак боюнча чектөөлөрдү киргизүүнү, бааларды көзөмөлдөөнү жана смартфондорду колдонууга тыюу салынган аймактарды түзүүнү зарыл деп эсептейт.
Аццопарди-Мускаттын айтымында, балдар сабаттуу болушу керек. Алар санариптик дүйнөнү башкарып, санариптик дүйнө аларды башкаруусуна жол бербеши керек.
Өткөн айда жарыяланган ДССУнун изилдөөсүндө Европадагы ар бир онунчу өспүрүм санариптик көз карандылыка ээ экени белгилүү болгон.

Бөлүшүү:
Next Post

БУУнун күчтөрү Ливандагы позицияларында кала берет

БУУнун убактылуу күчтөрү (UNIFIL) Израиль армиясынын бир катар калктуу конуштардан кайра жайгашуу сунушуна карабастан, Түштүк Ливандагы өз позицияларында кала беришет. Бул тууралуу тынчтык орнотуучу күчтөрдүн расмий өкүлү Андреа Тененти билдирди. “Тынчтык орнотуучулар бардык позицияларда кала беришет жана БУУнун туусу желбиреп турат. Биз иш-аракеттерибизди дайыма тууралап турабыз. Бизде өзгөчө кырдаалдар үчүн […]

Сизге жагышы мүмкүн