ДССУ: Ар бир онунчу өспүрүм социалдык тармактарга көз каранды

Автор

Дүйнө жүзүндө ар бир онунчу өспүрүм социалдык тармактарга жана компьютердик оюндарга көз каранды болуп калган. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) жаңы отчетунда айтылат.
ДССУнун адистери 2022-жылы жүргүзүлгөн изилдөөнүн маалыматтарына таянышкан. Сурамжылоого АКШдан, Европа өлкөлөрүнөн, Борбордук Азиядан жана Канададан 11 жаштан 15 жашка чейинки 280 миңге жакын өспүрүмдөр катышкан.
Жыйынтыгында, өспүрүмдөрдүн 11 пайызы социалдык тармактарда болгон убактысын көзөмөлдөй албай турганы аныкталды. Бул көйгөйгө кыздар көбүрөөк туш келсе, балдар компьютердик оюндарга көбүрөөк көз каранды экенин көрсөттү.
ДССУ бул өспүрүмдөрдүн көбүндө уйку көйгөйлөрү бар экенин билдирди.

Бөлүшүү:
Next Post

Көк-Арт ашуусундагы туннелдин курулушу декабрда аяктайт

Жалал-Абад облусундагы Көк-Арт ашуусу аркылуу өтө турган туннелдин курулушу 1-декабрда аяктайт. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, объекттин узундугу 3 миң 890 метр, туурасы 10,5 жана айрым участоктордун кеңдиги 14 метр, ал эми бийиктиги 8,5 метрди түзөт. Бүгүнкү күндө туннелдеги жолго асфальт-бетон төшөө иштери жыйынтыкталууда. Жарык берүүчү […]

Сизге жагышы мүмкүн