Достук оюндары 2025-жылга жылдырылышы мүмкүн. Бул тууралуу “Спорт-Экспресс” басылмасы жар салды.
Маалыматка ылайык, Мындай демилге Орусиянын бийлигине сунушталып жакында колдоо табышы айтылууда.
Басылма бул кадам Эл аралык Олимпиада комитетинин тышкы саясий кысымдарына байланыштуу жана Эл аралык достук ассоциациясынын сунушу менен жасалып жаткандыгы айтылууда.
Эске салсак, буга чейин Достук оюндары 2024-жылдын 15-29-сентябрында Москва жана Екатеринбург шаарларында өтүүсү күтүлүп жаткан.