16-декабрда АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп Мар-а-Лаго резиденциясында TikTok социалдык тармагына ээлик кылган ByteDance компаниясынын башчысы Шоу Цзы Чу менен жолукту. Бул тууралуу CNN өз булактарына таянып билдирди.
Шоу Цзы Чу Трампты Жо Байдендин TikTokту тыюу тууралуу жарлыгын жокко чыгарууга көндүрүүгө аракеттенүүдө. Эгерде ByteDance өз бизнесин америкалык инвесторлорго 2025-жылдын 19-январына чейин сатпаса, TikTok АКШда жабылат.
17-декабрда компания бул мыйзамдын күчүн токтотуу үчүн АКШнын Жогорку сотуна кайрылды. Дональд Трамп бул маселеге байланыштуу чечим кабыл ала электигин билдирди. Ал белгилегендей, жаш шайлоочулар арасындагы ийгилиги үчүн TikTokтун дагы ролу болушу мүмкүн.