Дональд Трамп Путин менен “тил табышарын” айтты

Автор

45-америкалык лидер Дональд Трамп миллиардер Илон Маск менен болгон маегинде Россиянын президенти Владимир Путин менен мамилелерди жакшыртууну каалаганын белгиледи.
Трамп Ак сарайда жетекчи болуп турганда Владимир Путинди жакшы билгенин жана ал менен жакшы мамиледе болгонун айтты. Америкалык саясатчы Путинди жакшы сүйлөшүүчү деп эсептейт.
Ошондой эле Трамп учурдагы АКШ президенти Байденди Украинаны НАТОго кабыл алуу убадасын берүү менен ката кетирди деп ойлойт.
Дональд Трамптын оюу боюнча, азыр Украина фронт линиясында олуттуу кадрлардын жетишсиздигин башынан кечирип жатат.

Бөлүшүү:
Next Post

Париж -2024: Кыргызстандын спортчулары өлкөгө кайтып келишти

Париж Олимпиадасына катышкан Кыргызстандын спортчулары өлкөгө кайтып келишти. Аларды мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов, спортчулардын ата-энелери жана жакындары тосуп алышты. Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов Париждеги жайкы Олимпиадада Кыргызстандын туусу алты ирет желбирегенин, мунун артында талыкпаган мээнет жана аракет турганын белгиледи. Белгилей кетсек, […]

Сизге жагышы мүмкүн