Дональд Трамп Висконсин штаттын таштанды ташуучу унаа менен кыдырды

Автор

АКШнын президенттик шайлоосунда республикачылардан талапкер Дональд Трамп Висконсиндеги шайлоо алдындагы митинге чейин штаттын аймагын таштанды ташуучу унаа менен айланып чыкты. Ал мындай кадамга учурдагы АКШ президенти Жо Байден аларды «таштанды» деп атагандан кийин барды.
«Сиз эгер америкалыктарды сүйбөсөңүз Америка менен башкарууга укуктуу болбойсуз. Сиз америкалык элди жек көрүп туруп президент боло албайсыз»,-деди Дональд Трамп 30-октябрда митинг учурундагы сөзүндө. Иш-чарадагы видеотасма анын X социалдык тармагындагы аккаунтунда жарыяланган.
28-октябрда Трамптын Нью-Йорктогу шайлоо алдындагы митингин ачып жатып, америкалык куудул Тони Хинчклифф Пуэрто-Рикону «калкып жүргөн таштанды арал» деп атаган.
29-октябрда Жо Байден бул сөзгө комментарий берип, «Мен ал жакта калкып жүргөн бир гана таштандыны көрдүм — бул анын тарапташтары. Анын латиноамерикалыктарды каралаганы өтө уят»,-деп айткан. Кийинчерээк Ак сарай президент куудул жана анын ийгиликсиз тамашасын эле билдиргенин, ал «тарапташтары таштап кеткен таштанды жөнүндө» айтканын CBS билдирди.

Бөлүшүү:
Next Post

Гүлжигит Алыкулов беларусиялык “Неман” клубунан кетет. Себеби

Кыргызстандык жарым коргоочу Гүлжигит Алыкулов быйылкы сезондун аягында “Неман Гродно” клубунда оюндарын аяктайт. Бул тууралуу футболчу “Беларусь 5” телеканалына курган маегинде билдирди. – Азырынча менин бардык оюм Немандын курамында ойноого багытталган. Сезондун аягында мен башка клубга өтүшүм ыктымал, бирок азырынча бардык деталдарды билбейм Бирок мен Гродно шаарында калбай турганым анык. […]

Сизге жагышы мүмкүн