Доналд Трамптын небереси чоң атасын кантип колдоду?

Автор

АКШда президенттик шайлоонун үгүт иштери дале уланууда. Талапкерлердин жолугушуулары жалындуу сөздөр менен коштолуп жатат. Өткөн жумада Доналд Трамптын небере кызы чоң атасын колдоо максатында эл алдына сөзгө чыгып, аны камкор, боорукер, жумшак мүнөздүү ата деп сыпаттады.
“Ал дайыма телефон чалып, кайда жүргөнүбүздү сурап турат. Кээде мектепте, сабак учурунда деле. Азыр сабактамын, чыкканда чалам деп өчүрүп коем. Ал бизге өтө камкор. Керек болсо, биздин ийгиликтерибиз менен сыймыктанып, досторуна чейин мактана берет. Мен аны аябай жакшы көрөм”,- деген ал.
Ар кандай маалымат каражаттары чоң атасын жамандап, начар адам катары көрсөткүсү келишкендерин, бирок, атасы гана АКШны өркүндөтүп, өстүрө алаарын кошумчалаган.

Бөлүшүү:
Next Post

Аптанын икиясы: Адамдын ичиндеги эки карышкыр жөнүндө

Бир күнү карыя индеец небересине бир жашоонун чындыгын ачып берди: Ар бир адамдын ичинде эки карышкырдын күрөшү жүрүп жатат. Бир карышкыр жамандыкты билдирет: көрө албастык, кызганыч, өкүнүч, өзүмчүлдүк, амбиция, жалган… Экинчи карышкыр жакшылыкты билдирет: тынчтык, сүйүү, үмүт, боорукердик, чындык, берилгендик… Кичинекей индеец чоң атасынын сөздөрүнөн терең таасирленип, ойлонуп туруп сурады: […]

Сизге жагышы мүмкүн