Бүгүн, 23-октябрдын таңына карата Кыргызстандагы акча алмаштыруучу жайларда бир АКШ доллары 89 сом 30 тыйындан башталып, 89 сом 72 тыйынга чейин жетүүдө.
Коммерциялык банктарда да бир доллар 89,72 сом болууда.
Улуттук банк доллардын сомго карата расмий курсун 89,32 сом деп белгилеген.
Белгилей кетсек, өткөн жумада Улуттук банк сомдун долларга карата курсун туруктуу кармоо үчүн интервенция жасап, валюта базарына 44 млн 800 миң АКШ долларын саткан.