Доктургул Кендирбаева  Орусия менен келишимдер тууралуу айтып берди

Автор

Билим берүү жана илим министри Догдуркул Кендирбаева Орусия менен Кыргызстандын билим берүү тармагындагы келишими боюнча  маалымат берди.

Анын айтымында, Кыргызстандын министрлер кабинети менен Россия өкмөтүнүн ортосундагы Б. Ельцин атындагы КРСУнун иштөө шарттары жөнүндө макулдашуу жана Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги менен М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети ортосундагы ниет протоколуна кол коюлду.

«Кыргыз-Россия Славян университетинин (КРСУ) кампусу салынат. Кыргызстан тараптан бир топ сунуштар берилди. Жыйырма миңге жакын студент кабыл алып, эки өлкөнүн билим берүү стандарттарынын негизинде адистер даярдалат. Өлкө өз сунушунда жергиликтүү жана эл аралык рыноктун талабына ылайык, адистиктерге багыт алууну сунуштадык», — деди министр.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда доллардын курсу көтөрүлдү

Кыргызстандын Улуттук банкы доллардын курсун расмий түрдө 89,17 сомго көтөрдү.   Буга чейин доллардын курсу 88,92 сом деңгээлинде кармалып турган.   Учурда коммерциялык банктарда доллардын курсу 1 доллар үчүн 89,22 сомду түзүүдө. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн