Догдуркул Кендирбаева Эл аралык олимпиадада жеңишке жеткен окуучуларды сыйлады

Автор

Бүгүн, 17-сентябрда билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева информатика боюнча эл аралык олимпиадада 2 күмүш, 1 коло медаль жана 1 ардак грамота алган окуучуларды сыйлады.
Министр окуучуларга ноутбук, планшет жана ыраазычылык каттарды тапшырды.
Кыргызстандык окуучулар 1-8-сентябрда Египетте өткөн информатика боюнча эл аралык олимпиадада 92 өлкөнүн 370 окуучусунун ичинен 27-орунду ээлешти.
Алар “Газпром” Кыргызстан мектебинин 8-классынын окуучусу Ян Бобрус жана М.Субакожоев атындагы Нарын лицейинин 10-классынын окуучусу Алихан Айдарбеков күмүш медаль тагынса, “Манас Ата” Талас лицейинин 11-классынын окуучусу Байтөрө Майрамбеков коло медаль, Ч.Айтматов атындагы Бишкек лицейинин окуучусу Абдулазиз Лебиев ардак грамота алган.

Бөлүшүү:
Next Post

Окумуштуулар: Дүйнөдө ковиддин жаңы түрү жайылууда

Окумуштуулар дүйнө жүзү боюнча XEC деп аталган ковиддин жаңы варианты тарай баштаганын эскертишүүдө. Бул коронавирус инфекциясынын негизги түрүнө айланып, мурунку варианттарды сүрүп чыгышы мүмкүн. Аталган вариант биринчи жолу быйыл июнь айында Германияда аныкталган. Кийин Улуу Британия, АКШ, Дания жана башка бир нече өлкөлөрдө катталганын америкалык окумуштуу, Scripps Research институтунун директору […]

Сизге жагышы мүмкүн