Догдуркүл Кендирбаева Пакистан билим берүү министри менен жолугушту

Автор

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева кечээ, Бүткүл дүйнөлүк билим берүү форумуна катышуу үчүн Лондонго болгон сапарында Пакистандын федералдык жана кесиптик билим берүү министри Халид Сиддики менен жолугушту.
Жолугушууда министр Догдуркүл Кендирбаева 18-майда Бишкекте чет элдик студенттер, анын ичинде Пакистан жарандары катышкан окуя тууралуу маалымат берди. Министр учурда студенттердин коопсуздугу толук камсыздалып, кырдаал Кыргыз Республикасынын президентинин жеке көзөмөлүндө турганын белгиледи.
Министр Халид Сиддики кырдаалды түшүндүрүп бергендиги үчүн ыраазычылык билдирди. Ал бул жолугушуу тууралуу Пакистандын премьер-министрине маалымат берерин айтты. Министр Халид Сиддики бул окуя Пакистандын жарандарынын билим алуусуна таасирин тийгизбеши керектигин белгилеп, өз ара аракеттенүүгө даяр экенин билдирди. Кендирбаева кесиптешин Кыргыз Республикасына келип, пакистандык студенттердин окуу жана жашоо шарттарын көрүүгө, кызматташтыктын багыттарын талкуулоого чакырды.

Бөлүшүү:
Next Post

Айрым өлкөлөрдө Ирандын президентинин өлүмүнө байланыштуу аза күтүү жарыяланды

Дүйнөнүн сегиз өлкөсү, Ирандын президенти Ибрагим Раиси жана аны коштоп барган делегациянын тик учак кырсыгынан каза болгондугуна байланыштуу аза күтүү жарыялады. Булар Индия, Ирак, Ливан, Пакистан, Сирия, Түркия. Көпчүлүк өлкөлөрдө бир күндүк аза күтүү жарыяланды. Сирия менен Ливанда үч күнгө, Тажикстанда эки күнгө аза күтүлөт. Иранда жоктоо иш-чаралары беш күнгө […]

Сизге жагышы мүмкүн