Догдуркүл Кендирбаева наристелерди сабаган «тарбиячыларга» чара көрүлөрүн билдирди

Автор

Социалдык тармактарда кичинекей наристелерди аялдардын уруп-сабап жаткан видеосу тарады. Анда окуя болгон жердин дареги көрсөтүлүп, жарандар укук коргоо органдары чара көрүүсү керектигин жазышкан.
Ушундан кийин Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева дароо соцтармактар аркылуу төмөнкүдөй реакция кылды.
«Бала бакчада баланы жазалап жаткан, “тарбиячы” деп айтканга ооз барбаган акмактын балага жасаган зомбулугун көрүп, ата энелерден кечирим сурайм!!!Учурда бул иш укук коргоо органдары, сот, прокуратура тарабынан каралып жаткандыгын билдирем. Балага зомбулук жасаган “тарбиячы” мыйзам чегинде жазаланышын талап кылам! Ал эми ошол тарбиячынын кандай экенин билбей иштеткен жана мекемеде наристеге зордук көрсөтүүгө орун бергени үчүн бала бакчанын башчысы да кызматтан кетет!
Урматтуу ата энелер, Сиздер да бизге жардам бергиле, эгерде наристелер мекемелеринде болуп жаткан зомбулук окуялары болсо, түз билдиргиле! Эч ким, эч качан наристелерге, балдарга зомбулук жасабашы керек!!! Наристеге зомбулук жасагандар ким болбосун катуу жаза алышы керек!
Биз ар бир наристелер менен иштеген адистердин атайын медициналык текшерүү уюштурабыз жана максаттуу иштерди жүргүзөбүз!

Бөлүшүү:
Next Post

Сузактагы окуяны прокуратура териштирүүдө

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Октябрь айылынын балдар бакчасында тарбиячы балдарды сабаган видео тарагандан кийин Билим берүү министрлиги билдирүү таратып, “бала бакчадагы окуя боюнча териштирүү жүргүзүлүп, аталган кызматкерге чара көрүлөт”,- деп маалымдады. Белгилүү болгондой, окуяны Жалал-Абад облустук прокуратурасы териштирүүгө алган Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн