Догдуркүл Кендирбаева билим берүү министри болуп дайындалды

Автор

Догдуркүл Кендирбаева билим берүү министри болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесинин негизинде Кендирбаева Догдуркүл Шаршеевна мурда жүктөлгөн милдеттеринен бошотулуп, КР билим берүү жана илим министри болуп дайындалды.

Эске салсак, кечээ 5-октябрда Жогорку Кеңеш Догдуркүл Кендирбаеванын талапкерлигин жактырган. Аны каттодон өткөн 75 депутат бир добуштан колдоп берген.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте 12-13-октябрда жолдор убактылуу жабылат

Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын айрым көчөлөрүндө 12-13-октябрь күндөрү унаа кыймылы үчүн мал-маалы менен чектөөлөр киргизилип турат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка караганда, чектөөлөр 13-октябрда Бишкек шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин мамлкекет башчыларынын кеңешинин жыйыны өткөндүгүнө байланыштуу киргизилет. Төмөндө чектөө киргизилчи көчөлөрдүн тизмеси:   — […]

Сизге жагышы мүмкүн