Догдуркүл Кендирбаеваны депутат сынга алды

Автор

“Берген жоопторуңузга мен канаттана албайм. Реалдуу жашоодо таптакыр башкача. Даярдыгы жок туруп, реформа баштап алдыңыз, азыр акыбал жаман болуп жатат. Мектептерде китеп жок, 1-6-класска чейин сиз койгон талап боюнча шарттары жок. 5 жашар балдарды мектепке алып барыш үчүн алардын уктоочу жайы жок”,- деп билдирди Надира Нарматова билим берүү министрин сынга алып жатып. Ал мугалимдердин жеке менчик мектептерге жумуш издеп кетип жатканын айтты.
“Жөн эле кооз сүйлөп, элди кыйнап, балдардын башын айландыргандын эмне кереги бар? Сиз айтып айтасыз, лицей менен гимназиялар жакшы натыйжа берген жок деп. 53 алтын сертификатыңыздын 13ү “Сапат” лицейлериники болсо, калганы деле ошол лицейлер менен гимназиялардан чыккан балдардыкы”,- деди депутат.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкектеги атышуу: Жаракат алгандардын абалы айтылды

10-октябрдагы атышуудан жаракат алгандар учурда жандандыруу бөлүмүндө. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди. Анын айтымында, жаракат алгандарга операция жасалган. Ал эми жаракат алган С.Э. Клиникалык тез жардам ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жатат, операциядан кийинки абалы оор бойдон калууда. Диагнозу: санына ок тийген. Экинчи бейтап Улуттук хирургия борборунун реанимация бөлүмүндө […]

Сизге жагышы мүмкүн