Догдургүл Кендирбаева: “Мектеп интернаттары, жетим балдар дайыма көңүл борборунда”

Автор

Өлкөдө 35 мектеп интернаты бар. Алардын ичинде мүмкүнчүлүгү чектелген жана таланттуу балдар үчүн мектеп интернаттары да бар”,- деп билдирди Билим жана илим министри Догдургүл Кендирбаева бүгүн, 26-февралда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынды.
Ал депутат Элмурза Сатыбалдиевдин суроолоруна жооп берип жатып, 5 жетимдер үйү, 15 атайын интернат, 35 лицейдик гимназия бар экенин, жетимдер үйүнүн 2 Чүйдө, 1 Ошто, 1 Таласта, 1 Бишкекте жайгашканын айтты. “Ош облусунда 180 бала, Таласта 53 бала, Беловодскийде 13 бала, Чүйдө 126 бала, ал эми Бишкектеги жетим балдар үйүндө 187 бала тарбияланат. Ден соолугу чектелген балдар үчүн жатак мектептин саны 14. Баткенде 2, Жалал-абадда 3, Таласта 1, Чүй облусунда 5, Бишкек шаарында 3. Булар толугу менен республикалык бюджеттен каржыланат”,- деди министр.
Алардын баары ата-энесинен айрылган жана физикалык жактан жетим болгон балдар.

Бөлүшүү:
Next Post

Карыздарды текшерүү жана төлөө боюнча онлайн кызмат ишке кирди

Мамлекеттик салык кызматы «салык төлөөчүнүн кабинети» аркылуу онлайн түрдө салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарды текшерүү жана төлөө кызматын ишке киргизди. Ведомстводон билдиришкендей, эми салык төлөөчүлөр Cabinet.salyk.kg сайты аркылуу үйдө же кеңседе отуруп, салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн компьютер же смартфон аркылуу текшерип жана төлөй алышат. Ошондой эле бул кызмат салык […]

Сизге жагышы мүмкүн