Дмитрий Бивол профессионалдык карьерасында биринчи жолу жеңилди

Автор

Сауд Арабияда өткөн орто оор салмактагы чемпиондук үчүн беттешинде Дмитрий Бивол атаандашы Артур Бетербиев утулуп калды.
Бул беттеште Бетербиев да, Бивол да өтө чеберчиликтеги кармашууну көрсөтүштү. Кармаш 12 раундга чейин уланды.
Мелдеште кимиси күчтүү экени да күйөрмандарга табышмак болуп калды. Бирок калыстар 114:114, 116:112, 115:113 деген баасын берип, жеңүүчү катары Артур Бетербиевди тааныды.
Ошентип Артур Бетербиев женилгис чемпион болуп калды.
Бетербиев Дүйнөлүк бокс кеңешинин (WBC), Эл аралык бокс федерациясынын (IBF) жана Дүйнөлүк бокс уюмунун (WBO) версиясы боюнча титулдарга ээ. Бул беттештен кийин ал Биволго таандык болгон Бүткүл дүйнөлүк бокс ассоциациясы (WBA) боюнча дүйнөнүн супер чемпиондук курун алды.
Ал эми Дмитрий Бивол учурда профессионалдык карьерасында биринчи жеңилүү ызасын тартты. Азыр анын 24 беттешинде 23 жеңиш жана бир жеңилүү бар.

Бөлүшүү:
Next Post

АКШ өзөктүк куралды кыскартуу боюнча сүйлөшүүгө даяр

АКШ президенти Жо Байден дүйнө өзөктүк арсеналды толук жоюуга умтулуусу керектигин билдирди. Ал АКШнын Россия, Кытай жана Түндүк Корея менен бул багытта сүйлөшүүлөргө даяр экенин тастыктады. “Биз дүйнөнү өзөктүк куралдан биротоло жана түбөлүк арылтуучу күнгө карай алдыга жылышыбыз керек. Кошмо Штаттар алдын ала шарт койбостон, Россия, Кытай жана Түндүк Корея […]

Сизге жагышы мүмкүн