Дмитрий Бивол менен Артур Бетербиев 22 – февралда беттешет

Автор

Россиялык мушкерлер Артур Бетербиев менен Дмитрий Биволдун реваншы 22-февралга белгиленди. Бул тууралуу “Чемпионат” басылмасы жазды.
Бир ай мурда Эр-Рияд шаарында өткөн беттеште Артур Бетербиев калыстардын чечими менен Дмитрий Биволду жеңип, жарым оор салмактагы абсолюттук чемпион наамын алган болчу.
Эске салсак, 39 жаштагы Бетербиев профессионалдык бокстогу карьерасында жеңилүү ызасын тартпай, 21 жолу жеңишке жеткен (анын 20сы нокаут менен). Ал эми 33 жаштагы Биволдун эсебинде 23 жеңиш (12си нокаут менен) жана бир жеңилүү бар.

Бөлүшүү:
Next Post

18-декабрга карата аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, 18-декабрда өлкөдө жаан-чачын болбойт. Чүй, Ош облустарында айрым жерлерде туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңуп, тайгалак болот. Түштүк-чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз +2…+7 Талас өрөөнүндө түнкүсүн -11…-16, күндүз -1…+4 Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…-8, күндүз +3…+8 Ысык-Көл жергесинде […]

Сизге жагышы мүмкүн