WBAнын жеңил салмактагы чемпиону Дмитрий Бивол (21-0) Кыргызстандын желеги астында IBF, WBC жана WBO версиялары боюнча жеңил салмактагы чемпион Артур Бетербиев менен (19-0) беттешүүгө даяр экенин Бүткүл дүйнөлүк бокс кеңешинин (WBC) жетекчиси Маурисио Сулейман билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазууда.
Маалыматка ылайык, Бивол учурда Орусиянын атынан WBC титулу үчүн күрөшпөйт. Мушкердин менеджери Вадим Корнилов « Бул көйгөй эмес. Эгерде Боб Арум бул күрөштү пропагандалабаса, анда Бетербиев ким менен күрөшөт? Мен муну такыр көйгөй катары көрбөйм. Менимче, бул күрөшкө эч кандай тиешеси жок жөн эле саясат. Дмитрийдин тамыры кыргыз. Ал Кыргызстанда туулган, кыргыз паспорту бар», — деди