Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу көтөрүп чыккан Оштогу М.Ломоносов мектебинин директору убактылуу кызмат ордунан четтетилди.
Депутат мектеп директору Динара Алмаматова 9-класстын окуучусу Ахмат кызы Даткайымды туура эмес форма кийгенсиң деп сүйрөп чыгып, коридордо уруптур деген билдирүүсүн тараткан. Ошол эле күнү Ош шаарынын вице-мэри жана Ош шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси мектепте жыйын куруп, аталган инцидент боюнча тергөө иши жыйынтыкталганга чейин директорду кызмат ордунан убактылуу бошотушту.