Диний уюмдар текшерүүдөн өтөт

Автор

Бишкектин райондорунда мечит, медреселер, диний уюмдар текшерүүдөн өтөт.
Учурда Ленин районунда рейд жүрүүдө. Анда мекемелердин диний иштерди жүргүзүүгө укук белгилөөчү жана уруксат берүүчү иш-кагаздары жана жалпы санитардык абалы текшерилип, баа берилет.
Рейдде МАБнын, РИИБдин, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын, МСЭКБнын, мамэкотехинспекциянын, райондук архитектуранын жана шаардык казыяттын өкүлдөрү бар.
Рейд 2021-2026-жылдарга карата Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруунун алкагында диний уюмдардын мыйзамсыз иштерин токтотуу максатын көздөйт.

Бөлүшүү:
Next Post

USAID программасы аркылуу мектептерге китептер берилди

Өлкөдөгү 1681 мамлекеттик мектепке АКШнын Эл аралык өнүгүү агенттигинин (USAID) программасы аркылуу АКШ өкмөтүнөн “Окуу керемет!” долбоорунун алкагында 1 млн 790 миң 30 даана балдар китептери берилди. №21 орто мектепте өткөн расмий тапшыруу аземи Чыңгыз Айтматовдун 95-жылдыгына арналган. Билим берүү министрлигинин маалыматында, USAIDдин “Окуу керемет!” долбоору өлкө боюнча 1681 мектептин […]

Сизге жагышы мүмкүн