Диетолог Светлана Фус кеңири таралган суроого жооп берип, арыктагысы келгендер үчүн ак күрүч жесе болорун айтты. Кыскасы, “ооба – күрүч жей аласыз”,-деди.
“Эгерде сиз күрүчтү аз-аздан жесеңиз, анда салмак кошпойсуз. Күрүчтүн курамында магний, темир, клетчатка, белок жана ниацин сыяктуу минералдар жана витаминдер да бар. Далилдер күрөң күрүч жылмаланган ак күрүчкө караганда ден соолукка пайдалуу экенин көрсөтүп турат”,-деди адис.