Диего Марадонанын “Алтын топ” сыйлыгын сатууга тыюу салынды

Автор

Францияда Диего Армандо Марадонага таандык болгон 1986-жылкы Дүйнө чемпиондугунун “Алтын топ” сыйлыгы аукциондон чыгарылды. Легендарлуу футболчунун жакындарынан баалуу кагаздар мурда уурдалганы тууралуу маалымат чыккандыктан, жергиликтүү сот кубокту конфискациялоо чечимин чыгарды.
Париждеги аукциондук үйлөрдүн бири Марадонанын “Алтын топ” сыйлыгын 6-июнда аукционго койгону жаткан. Кубок бир нече миллион долларга баалангандыктан, спорт тарыхындагы эң кымбат лот болуп калышы мүмкүн.
Бирок аукционго саналуу күн калганда сатуу белгисиз мөөнөткө токтотула турганы айтылган.
Бул учурда Марадонанын жакындары баалуу сыйлык алардан 1989-жылы уурдалганын айтышууда. Белгилүү аргентиналык футболчунун өкүлдөрүнүн өтүнүчүн уккан француз соту “Алтын топту” сатууга тыюу салды. Кубок жагдайлар такталганга чейин конфискацияланды.
Эске салсак, Легендарлуу футболчу Диего Марадона 2020-жылы 25-ноябрда 60 жашында каза болгон. Анын өлүмүнөн бир ай өткөндөн кийин Аргентинанын бийликтери футболчуну жаңы аргентиналык акча банкнотуна түбөлүккө калтырууну сунушташкан.

Бөлүшүү:
Next Post

8-июнга карата аба ырайы

Кыргызгидромет маалымдагандай, 8-июнга караган түнү Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Баткен, Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Түштүк-чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин жетет. […]

Сизге жагышы мүмкүн