Дзюдочу Эрлан Шеров дүйнө чемпионатында коло утту

Автор

Кыргызстандык дзюдочу Эрлан Шеров Бириккен Араб Эмираттарынын борбору Абу-Дабиде өтүп жаткан дүйнө чемпионатында коло утту.
90 кг салмакта күч сынашкан Эрлан Шеров жарым финалга чейин жетип, финалга чыгуу үчүн япониялык Гоки Тадзима менен кез келген. Бирок жеңилүү ызасын тартып калып, коло үчүн күрөшө турган болгон.
Үчүнчү орун үчүн кармашта Шеров италиялык Кристиан Парлатини жеңип, коло байгенин ээси болду. Муну менен Эрлан Шеров дүйнө чемпионатында байге алган биринчи кыргызстандык дзюдочу болуп калды.

Бөлүшүү:
Next Post

Улуттук банк 31,5 млн доллар сатып алды

Кыргызстандын Улуттук банкы 31 млн 500 миң долларга валюталык интервенция жасады. Бул тууралуу банктын сайтында маалымдалат. Улуттук банк ушуну менен жыл башынан бери 7-ирет чет элдик валютаны сатып алууда. Эскерте кетсек, буга чейин Улуттук банк 7-майда — 17,7 млн доллар, 26-апрелде — 24,5 млн доллар, 22-апрелде — 25 млн 850 […]

Сизге жагышы мүмкүн