Джон Стейнбектин сүйүү тууралуу уулуна жазган укмуштуудай каты

Автор

Джон Стейнбектин сүйүү тууралуу уулуна жазган укмуштуудай каты: “Ашыктык – адам баласынын башына келе турган эң керемет сезимдердин бири”

Атактуу “Келемиштер  жана Адамдар” романынын автору, Нобель сыйлыгынын ээси Джон Стейнбек 1958-жылы жатак мектепте окуган өспүрүм уулу, Сусан аттуу кызга ашык болуп калгандыгы тууралуу жазган катына  берген жообу;

 

Кымбаттуу Том!

Бүгүн эртең менен катыңды алдык. Мен катыңа  өз пикиримди билдирейин, ал эми апаң дагы өз көз карашын сөзсүз жазып жиберер.

Алгач сенин ашык болгонуң – бул абдан жакшы нерсе. Жада калса, ашыктык адам баласынын башына келе турган эң керемет сезимдердин бири демекчимин… Абайла, ушундай  аруу сезимди пастыкка түшүрүүгө  эч кимге  жол бербе!

Экинчиден, сүйүүнүн көптөгөн түрлөрү бар. Аларды  бири арзуусун өзүмчүл, ач көздүк менен жеке кызыкчылыгы үчүн колдонгондор. Бул аруу махабаттын эң ыплас жана эң төмөнкү, жаман  жагы болуп саналат.

Башка бир түрү болсо, сенин  ички дүйнөңдөгү эң асыл, аздектеген сапаттарыңды сыртка чыгарууга жол ачат. Алар аздек тутуп, кыйбастык, боорукерлик, кадыр-барк  жана  көңүл бөлүү менен бааланат. Эң башкысы коомдогу урмат-сый гана  эмес,  башкасынын  баа жеткис асылдыгын, баалуулугун баалай билүү болуп саналат.

Сүйүүнүн  биринчи түрү  сени сыркоолотуп, сындырып же алсыз кылышы мүмкүн. Ал эми экинчиси сага күч-кубат берип, эрктүүлүктү жана  ичиңдеги  өзүңө билинбеген  кайратыңды  курчутуп турат.

Мунун келип, кете турган ашыктык эместигин  айтуудасың. Эгерде сезимдериң терең болсо, анда бул жаштыктын  жанып кетчү  махабаты эмес.

Бирок, менин эмнени сезип  жатканымы  сурабайсың го деп ойлойм. Эмненин туура же жаңылыш экендигин өзүң гана  жакшы  билесиң. Эгерде, эмне кылаарыңды билбей жатсаң, билгеними айтып берейин.

Адегенде ашыктыктан  кубаныч, ырахатка бөлөнүп, бир бакубаттуулукту  акырына чейин сезе бил. Ашыктык  эң таза,  тунук жана ажайып  аруу болууга тийиш. Ага татыктуу болууга аракет кыл…

Эгерде, кимдир бирөөгө ашык болсоң, ага айтуунун эч кандай деле жаман жагы  жок. Болгону кээ бир адамдар  тартынчаак болоорун эсиңден чыгарбашың керек.

Кыздар, сенин эмне сезип жатканыңды билет бирок алар адатта  муну сенден  уккусу келишет. Кээде,  сезимдериңе ар кандай себептерден улам жооп ала албай  калашың мүмкүн. Бирок, бул арзууларыңдын баалуулугун же кереметин кемите албайт.

Акырында айтаарым сенин эмне сезип жаткаңды  түшүнөм себеби мен дагы ашык болгом, сенин да бул арзууларды башыңдан өткөрүп жатканыңа абдан кубанычтамын.

Биз Сузан менен таанышууну кубанычта күтөбүз жана жан дилибиз менен кабыл алабыз. Аны тосуп алууну апаң мыкты уюштураарын билесиң. Ал да көптү билет, ашыктык тууралуу менден да жакшы жардамчы боло алат…

Уулум, жоготуудан эч качан коркпо. Эгер, бул туура болсо, учу уланып кете берет. Эң башкысы шашылба. Жакшы нерселер жоголуп кетпейт.

Урматтоом менен атаң..

Нью-Йорк

1958-жыл. 10-ноябрь.

Которгон М. Исатов

Бөлүшүү:
Next Post

Ак сарай: Украинага чукул жардамга гана каражат калды

АКШда Киевге чукул аскердик жардам көрсөтүү үчүн гана каражат бар экенин Ак сарайдын басма сөз катчысы Карин Жан-Пьер журналисттер үчүн брифингде билдирди. Ал бюджеттик талаш-тартыштардан улам Украинага аскердик жана гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн Кошмо Штаттардын жалпысынан канча акчасы бар деген суроого жооп берди. Анын айтымында, бул каражаттар Украинанын согуш талаасындагы […]

Сизге жагышы мүмкүн