Чоң баштуу деңиз ташбакасы Туба, 25 000 км аралыкты басып өтүп, кабыгына орнотулган GPS данчиги менен табигый чөйрөсүндө саякатын улантууда.
25-30 жаштагы таш бака 2019-жылдын 28-августунда Түркиянын түштүк-батыш жээгинде анын кабыгына атайын датчик орнотулгандан кийин сапарын баштаган.
Деңиз таш бакасынын кыймылы Мугла облусунун Далян аймагындагы деңиз таш бакаларын изилдөө, куткаруу жана реабилитациялоо борбору (DEKAMER) тарабынан көзөмөлдөнүүдө.
Туба Түркиядан Адриатикага чейин спутник аппараты тарабынан байкалган биринчи деңиз таш бакасы болду.
Далян аймагынан чыккандан кийин Туба эки ай Мармаристин жээгинде жүрүп, бир айда Грецияга жетти. Деңиз таш бакасы Мальтанын, Италиянын, Босния жана Герцеговинанын, Албаниянын, Черногориянын жана Хорватиянын жээгинде да болгон жана дагы эле Адриатикадан маалыматтарды берүүнү улантууда.
Белгилей кетсек, Чоң баштуу деңиз таш бакалары жоголуп кетүү коркунучунда турган жападан жалгыз чоң баштуу деңиз таш бакалары.