Бүгүн, 10-майда Жогорку Кеңештин жыйынында “Элдик курултай жөнүндөгү” конституциялык мыйзамдын долбоору биринчи окууда жактырылды.
Жыйындын жүрүшүндө мыйзам долбоорун кайрадан иштеп чыгуу боюнча түзүлгөн жумушчу топтун төрагасы, депутат Жанарбек Акаев жасалган иштер боюнча маалымат берип, 22 берене 15ке кыскартылганын кошумчалады.
Эскерте кетсек, 2022-жылдын 25-26-ноябрында Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда биринчи Элдик курултай өтүп, анын жыйынтыгында резолюция кабыл алынган.