Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Кыдыкбаев Палестинага 1 күндүк айлык маянасын которууну сунуштады. Бул тууралуу эл өкүлү бүгүн, 18-октябрда парламенттин жалпы жыйынында айтты.
Кыдыкбаев “Дүйнөлүк коомчулук Палестина боюнча оор акыбалда болуп турат. Ошол жакка жардам берип, 1 күндүк маянабызды бөлүп берсек. Ал эми өкмөт болсо ушул каражатты жеткирүүнүн жолун таап берсе, азыр баарыбыз мусулман дейбиз бирок тийиштүү үн катпай жатабыз”, – деди
Жыйында Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев дагы Палестинада адам өмүрү кыйылып жаткандыгын белгилеп, гумжардам беришибиз керектигин белгиледи.